Физиевдин таймашы UFC уюмунун 2020-жылдагы мыкты иш-чарасы болуп калышы мүмкүн

Жазылуу
Кыргызстандык мушкер Рафаэль Физиев катышкан таймаштардын бири UFC уюмунун 2020-жылдагы эң мыкты иш-чараларынын бири болуп калышы мүмкүн.

Жыл жыйынтыгы боюнча видеотүрмөк уюмдун YouTube-каналына жүктөлдү.

Творческая встреча с Олегом Тактаровым - Sputnik Кыргызстан
Кыргыздар алдыга кетти. UFC уюмунун экс-мушкери Тактаров Физиевди үлгү кылды
Жылдын мыкты иш-чарасы деп аталчу беттештердин катарына Тони Фергюсон менен Жастин Гэтжинин UFC 249 турнириндеги беттеши кирди. Анда Фергюсон атаандашын жеңип алган. Ошондой эле Конор Макгрегор америкалык  Дональд Серронени 40 секундда нокаутка кетирген беттешүү кирди.

Мындан тышкары, орто салмакта Камару Усман менен Хорхе Масвидале таймашкан UFC 251 турнири уюмдун жетекчилерине жагып турат.

Ошол эле учурда көрүүчүлөрдүн купулуна Тони Фергюсондун дагы бир таймашы толгон. Мушкер атаандашы Чарльз Оливейрого жеңилип калган.

Жаңылыктар түрмөгү
0