Керемет! Виктор Цойдун чыгармасын кыргыз аспаптары менен аткарышты. Видео

Жазылуу
"Ибарат" ансамбли Виктор Цойдун легендарлуу “Перемен!" ырын күүгө салды. Музыканттар аны капысынан тандап албаганын айтышат.

Ансамблдин эң кичине мүчөсү 14 жашта болсо, улуусу — 22де. Мындай жол менен алар улуу муунга кайрылып, урпактарга гүлдөгөн өлкөнү калтырып кетүүгө чакырык таштаганын айтышат.

Жамааттын жетекчиси Толгонай Осмонованын айтымында, күүнү 10 ирет кайра-кайра чертип машыгышкан.

"Машыгуусун баштаардан мурда балдар чыгарманын башкалар аткарган варианттарын угуп көрүштү. Андан кийин гана кайсы аспаптарды колдонорун чечишти. Кээ бирөөнө кантип ойноо керек экенин мен айтсам, кай бирөөлөрү өздөрү эле түшүндү. Балдар жаш экенине карабай өлкөнүн келечегин ойлошот”, — деди Осмонова.

Аткаруучулар:

  • Айдай Калмаматова — комуз;
  • Бакай Туратбек уулу — комуз;
  • Бакдөөлөт Жакыпов — сыбызгы;
  • Барсбек Камчыбек уулу — комуз;
  • Илим Курбанбаев — добулбас;
  • Сезим Нурманбетова — комуз;
  • Сымбат Токтобекова — кыл кыяк;
  • Элхан Раимакунов — сыбызгы.

Ансамбль биринчи жолу мындай чакырык чыгармаларды аткарып жаткан жок. Үч жыл мурда Кыргызстан менен Казакстандын президенттерин элдештирүү үчүн "Ата толгауы" күүсүн улуттук аспаптарда чертишкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0