АКШнын жаңы санкциялары. Россия буга кандай жооп кайтарды

Жазылуу
АКШнын Соода министрлиги Россияга карата жаңы санкцияларды киргизди. Чектөөгө куралдуу күчтөргө байланышкан 40ка чукул россиялык уюм туш болгон.

Аларда экспорт жаатында маселе жаралат, тагыраагы, кээ бир америкалык товарларды, технологияларды ала албай калышат. Санкция тизмесине Россиянын Коргонуу министрлиги, Тышкы чалгын кызматы, алардан сырткары, авиация, космос, кеме куруу жаатындагы ишканалар да кирди.

Арасында "Сухой" жана "Туполев" компаниялары, "МиГ", "Ростех", "Росатом" корпорациялары, муну менен кошо Роскосмос ишканасы бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0