Кудай сактаптыр! Дөңгөлөк алдынан карындашын сактап калган өспүрүм. Видео

Жазылуу
Бразилиянын шаарларынын биринде өспүрүм жолдо келе жаткан автоунаанын алдынан чуркап чыга калган карындашын аман алып калды.

The Daily Mail басылмасынын жазышынча, окуя Рондонополис муниципалитетинде болгон. Ал учурда кыздын үй-бүлөсү дүкөндөн соода кылып жаткан.

Кадрлардан кичинекей кыз шуулдап өтүп бараткан унаанын маңдайынан чыга калганын, агасы кырсыкка аз калганда аны көтөрүп четке ала качканын көрүүгө болот. Айдоочу дагы дароо тормозду басканга үлгүргөн, бирок өспүрүм баланын бутун көгөртүп тийип кеткен.

"Ал убакта эмне болгонун деле түшүнбөй калдык. Кийин камерадан видеону көргөнүмдө жүрөгүм шуу этип, көзүм жашылданып кетти. Жигит жеткинчек кызга экинчи өмүр берди", — деген дүкөндүн ээси Алекс да Сильва Маркес.

Ошондой эле Кытайда бала бакчанын кароолчусу 3-кабаттан кулаган баланы тосуп калган видеону көрсөңүз болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0