Бишкекте милиционер 100 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды. Видео

Жазылуу
Чүй облусунун Сокулук райондук милициясынын ыкчам ыйгарым укуктуу өкүлү 3000 доллар пара талап кылган деп шектелүүдө. Ал 100 миң сом алып жаткан жеринен кармалды.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын (Финпол) маалыматына ылайык, Т.Б. аттуу жаран ИИМдин кызматкери 3 миң доллар пара талап кылганын айтып Финполго кайрылган.

"Кечээ, 21-декабрда, Финансы полициясы Ички иштер министрлигинин ички иликтөө кызматы менен биргеликте 100 миң сом пара алып жаткан жеринен Т.Б. аттуу милиционерди кармады", — деп айтылат маалыматта.

Ал Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Милиционер кайсы иш боюнча пара талап кылганы айтылган жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0