Эр болсоң ыйлабай көр! 2020-жылдын муңу, азабы, кубанычы батырылган 4 мүнөт. Видео

Жазылуу
Швейцариялык сүрөтчү Cee-Roo өзүнүн YouTube каналына кишини кайдыгер калтырбаган окуялар топтомун жайгаштырган. Анын арасында Кыргызстан да жүрөт.

Роликте узап бара жаткан 2020-жылдын адамзатка алып келген азабы, кайгысы, кырсыгы чагылдырылган. Андан сырткары, адам баласынын өзүнүн колунан жаралган апааттарды да кошкон.

Кадрдан пандемия, аскердик кагылыштар, араң дем алып жаткан бейтап, карантинден улам үйдө камалып отуруп калгандардын балконго чыккан учурларын көрүүгө болот. Андан сырткары, америкалык кара түстүү жарандын өлүмүнөн соң АКШда чыккан жаалданган нааразылык, мамлекеттик төңкөрүштөр, жаратылыш кырсыктары боюнча ирмемдер бар.

Художник октябрь айындагы Кыргызстандагы толкундоолорду да унуткан эмес. Роликке жаалданган элдин Ак үйдүн темир тосмосуна чыгып бара жаткан учурун киргизген. Аны 1 мүнөт 39-секундадан көрсөңүз болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0