"Миландын" футболчусу көз ачып-жумгуча гол киргизип, тарыхта калды. Видео

Жазылуу
Өзгөчө гол Италия чемпионатынын 13-турунда "Милан" менен "Сассоуло" клубунун беттешинде болгон. Миландын португалиялык футболчусуна бул үчүн болгону жети секундага жетпеген убакыт талап кылынды.

"Милан" клубунун чабуулчусу Рафаэл Леау футбол боюнча Италия чемпионатынын тарыхындагы өтө кыска убакытта гол киргизгенин Р-Спорт жазды.

Футбол матч учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жылдын эң кооз голу болобу? Польша чемпионатындагы видео
Португалиялык футболчуга эсепти ачуу үчүн болгону жети секундага жетпеген убакыт талап кылынган. Чемпионаттын 13-турунда "Милан" "Сассоуло" менен конокто беттешкен. Калыстын ышкырыгы жаңырып, оюн башталганда эле башкы насаатчы Стефано Пиолинин шакирттери бири-бирине өткөрүп берүү (пас) жасап, үчүнчү болуп топту Леау алып, голго айландырды. Бул үчүн ага 6,28 секунда жетиштүү болгон.

Буга чейинки рекорд италиялык Паоло Поджиге таандык эле. Ал 2001-жылы "Пьяченца" менен "Фиорентина" беттешинин тогузунчу секундасында эсеп ачкан.

21 жаштагы Леаунын "Сассуоло" клубунун дарбазасына киргизген голу бул сезондогу бардык мелдештердеги төртүнчү голу болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0