Көп кыймылдаган өспүрүм кандай оорулардан алыс болот. Адистин кеңеши видеодо

Жазылуу
Өспүрүмдөрдүн көп кыймылда болушу бир нече оорулардын алдын алып, активдүү жашоо образын калыптандырат. Бул боюнча адистин кеңештерин Саламаттык сактоо министрлиги YouTube каналына жайгаштырды.

Адистин айтымында, спорт менен машыгып жана көп кыймылдаган адамдын келбети келишимдүү болот, салмагы нормада сакталат, дем алуунун жана жүрөк кан тамыр системасынын ишин жакшыртат. Психикалык саламаттыктын жакшырышына оң таасирин тийгизет.

Дарыгер геморройду дарылоо жолун жана операциянын баасын айтып берди. Видео - Sputnik Кыргызстан
Дарыгер геморройду дарылоо жолун жана операциянын баасын айтып берди. Видео
Ал эми аз кыймылдаган өспүрүмдүн дем алуу жана жүрөк кан тамыр системасынын иши начарлайт, организмдеги зат алмашуу бузулат, иммунитет төмөндөйт. Мунун натыйжасында суук тийип, сезгенүү жана жугуштуу илдеттер менен ооруп калуу коркунучу жогорулайт.

Кеңеште тамеки, насвай, алкоголдук ичимдиктер жана баңгизаттарын колдонуудан алыс болуу жашоодо көп ийгиликтерге жетүүгө өбөлгө болору айтылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0