Медиктер кышында баш кийим кийбегендерге кайрылып, үч кесепетин айтты. Видео

Жазылуу
Кышында баш кийим кийбей жүрүү ден соолукка үч тараптан олуттуу зыян алып келет. Профилактикалык негизде даярдалган видеону Саламаттык сактоо министрлиги расмий баракчасына жарыялады.

Дарыгер геморройду дарылоо жолун жана операциянын баасын айтып берди. Видео - Sputnik Кыргызстан
Дарыгер геморройду дарылоо жолун жана операциянын баасын айтып берди. Видео
Адистер суук, биринчиден, чачка терс таасирин тийгизерин айтат. Баштагы кан айлануу системасы начарлап, анын кесепетинен чачтардын тамыры болгон фолликулалары жетиштүү азыктанбай, өңү өчүп, түшө баштайт.

Экинчиден, кулакка суук тиерин эскертишти. Кулакта май клеткалары жок, эгер тоңуп калса калыбына келтирүү бир топ убакытты талап кылат. Ошондой эле отит деген оору пайда болушу ыктымал. Аны убагында дарылабаса угуусу начарлап, жада калса такыр укпай калуу кооптуулугу бар.

Үчүнчүсү, теринин астындагы нервдерге суук тиет. Мында түрдүү нерв сезгенүүлөрү пайда болуп, ооруп, кыжалат кылып, беттин түзүлүшүн өзгөртүп коюшу мүмкүн. Муну дарылоо оңой эместигин эскертет адистер.

Жаңылыктар түрмөгү
0