Баш кийим ажалдан сактап калды. Кытайдагы жүрөк түшүргөн видео

Жазылуу
Скутерчен эки киши оор жүк ташыган автоунаанын алдында калып, башында шлем болгон үчүн гана эсен-соо калган. Окуя көчөдөгү кыймылды тартып алып турган камерага жазылып калган.

Кишилер аман калган бул окуя Кытайдын Донгянг шаарында болгон. Кадрдан мотороллер оор жүк ташуучу автоунаанын алдында калып, талкаланып кеткендигин, ал эми эки киши эки дөңгөлөктүн ортосунда калганын көрүүгө болот.

Бактыга жараша, айдоочу токтоп калууга үлгүргөн. Дөңгөлөктүн ортосунан берки эки киши аман-эсен чыгып келе жаткан кадрлар видеону көрүп жаткандарды "өх-ххх" дедирди окшойт.

Жергиликтүү ЖМКлар автоунаа алдында калгандар анча жаракат албагандыгын жазды.

Жаңылыктар түрмөгү
0