Физиев нокауту үчүн 50 миң доллар алды. UFC 256 турниринин кызыктуу ирмемдери

Жазылуу
UFC 256 турниринде спортчулар күйөрмандардын бүйүрүн кызыткан кармаштарды көрсөттү.

Алардын арасында кыргызстандык мушкердин атаандашын сулата чапкан жери дагы бар. Турнирдеги эсте калган учурлардын видеотоптомун сунуштайбыз.

Боец UFC Тони Фергюсон - Sputnik Кыргызстан
Тони Фергюсон бразилиялык Чарльз Оливейрага утулду. Видео
Аталган турнирди кыргызстандык күйөрмандар чыдамсыздык менен күткөн. Анткени бул мелдеште мушкер Рафаэль Физиев атаандашы Ренато Мойкано менен кармашты. Жыйынтыгында ал сол, оң колдоп кезеги менен урган кубаттуу соккуларынын аркасында атаандашын биринчи эле раундда нокаутка түшүрүп утуп алды.

Физиевдин бул соккусу UFC 256 турниринин көркүн ачканы үчүн кыргызстандык спортчу бонус иретинде 50 миң доллар алган.

Ушундай эле бонус биринчи раундда эле атаандашы Роналдо Соузду нокаутка кетирген Кевин Холландга да берилген.

Аталган турнирде жеңил салмактагы Тони Фергюсон менен Чарльз Оливейронун кармашы да бүйүр кызытты. Үч раунддук таймаштын жыйынтыгы менен үч калыс тең жеңишти Оливейрага ыйгарган.

​Дэйвисон Фигередо менен Брендон Моренонун беттеши да кызыктуу болуп, турнирдин кармашы аталып, эки спортчу тең 50 миң доллардан бонус алышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0