Үмөт манасчынын видео маеги: бой жетиши, көз тийүү жана кыялдагы режиссерлук

Жазылуу
Наристе кезинен манас айтып, калың элдин оозуна алынган Үмөт Дөөлөтов бир нече жылдан соң Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине маек курду.

Өнөрпоз азыр 15ке толду. Ал манас айтып эл алдына 3,5 жашында чыгып, Кыргызстандагы эң кенже манасчы атка конгон. Айрым илимпоздор аны 7 жашында "кичинекей гений" деп аташкан. Ал эми 9 жашында "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгиси тапшырылган.

Нарында туулуп, Ысык-Көлдө жашап, Бишкекке анда-санда келген Үмөттү редакциянын журналисттери маекке тартты. Ал акыркы кезде эмне менен алектенип жүргөнүн, жаштардай интернетке көп кирбей турганын, режиссёр болсо Саякбай манасчы тууралуу тасма тартарын, кичирээк чакта эсте калган учурлары тууралуу айтып берип, бир катар суроолорго жооп берди.

Жаңылыктар түрмөгү
0