Бишкекте каракчылыкка шектүү кармалып, үйүнөн курал табылды. Видео

Жазылуу
29 жаштагы шектүү мурда бир нече жолу соттолгон. Анын үйүн тинтүү маалында курал-жарак жана октор табылды.

Жыйыл районундагы каракчылыкка шектелген жаран Бишкек шаарында кармалды. Анын үйүнөн курал-жарак табылганын шаардык милициядан билдиришти.

Маалымат кызматы 29 жаштагы шектүүнүн колго түшүрүлүп, суракка жеткирилген видеосун жарыялады.

"Ал бир нече жолу уурулук боюнча соттолгон. 2015-жылы Чаткал районунда, 2018-жылы Сокулук районунда эркинен ажыратылган. Ошондой эле жаза аткаруу жайынан качып кеткендиги үчүн кылмыш иши козголгон", — деп айтылат маалыматта.

Үйүн тинтүүдө бир тапанча, ок жана бычактар табылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0