Өзбекстандагы футболдук беттеш массалык мушташ менен аяктады. Видео

Жазылуу
Беттеш бүткөндөн кийин жеңилген команданын футболчусу калысты бир тепкен. Бул чыр заматта ырбап, мушташка көрүүчүлөр да кошулуп кеткени айтылды.

Казакстандык футболчулар УЕФАнын Улуттар лигасы мелдешинде  - Sputnik Кыргызстан
Казак футболчусу Улуттар лигасында оюн талаасынын ортосунан гол киргизди. Видео
Өзбекстандын экинчи дивизионундагы ферганалык "Нефтчи" жана жайсаңдык "Турон" командаларынын футболдук беттеши массалык мушташ менен коштолду. Бул тууралуу Р-Спорт жазды.

Беттеште "Турон" 1:0 эсебинде утуп, өлкөнүн жогорку лигасына жолдомо алган. Оюндун соңунда жеңилген "Нефтчи" командасынын бир футболчусу белгисиз себептерден улам калысты көкүрөккө тепкен. Бул чыр заматта ырбап, көрүүчүлөр да оюн талаасына чыгып, мушташ массалык түргө айланган.

Бул окуя боюнча "Нефтчи" командасы да, Өзбекстандын футбол ассоциациясы да азырынча эч кандай билдирүү тарата электиги белгиленет.

Жаңылыктар түрмөгү
0