Эртең мененки жана күндүзгү Бишкектин чочуткан көрүнүшү. Видео

Жазылуу
Бишкекти эртең менен жана күндүз видеого тарттык. Алардын айырмасы кишини чочутпай койбойт. Үч саат ичинде борбор калааны коюу ыш басып каларына күбө болдук.

Эртең менен аба салыштырмалуу таза болуп, күндүз кадимкидей булгана баштаганын байкоого болот. Абадагы кир нормадан ашып кеткендиги, ал эми кечинде абал андан да начарлаары алаканга салгандай ачык болуп турат.

Проблема с загрязнением воздуха в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Фотофакт: өпкө илдетин чакырган Бишкектин кир абасы
Бишкекти ыштан арылтуу үчүн майнаптуу ыкмалар табыла элек болгондуктан, шаардыктар өтө кирдеген аба менен дем алып, жашоосун улантууда.

Мэрия шаардыктарга кайрылып, көчөгө чыгар алдында абаны текшерип алууга, мүмкүн болушунча көчөдө көп жүрбөөнү айткан.

Абанын канчалык деңгээлде булгангандыгын MoveGreen жана AirKaz.org деп аталган экологиялык кыймылдын сайттарынан текшерип алууга болот.

Аба эмнеден булганып жатат?

Анын негизги себептеринин бири — шаардын тегерегиндеги конуштарда массалык түрдө от жагуу, автоунаалар бөлүп чыгарган түтүн жана ЖЭБдин түтүнү менен ышы.

Жаңылыктар түрмөгү
0