АКШ Афганистанда 10 аскер базасын жапты. Өлкөнү талибдерге салып бердиби?

Жазылуу
АКШ менен "Талибан" кыймылы тарыхый тынчтык макулдашуусуна 2020-жылдын февралында кол койгону белгилүү.

АКШ "Талибан" кыймылы менен кол койгондон тарта Афганистанда кеминде 10 аскер базасын жапты. Бул туурасында The Washington Post басылмасы атын айткысы келбеген америкалык, афганистандык аткаминерлерге таянып билдирди.

Кабулдагы көрүстөндөгү Бухара Эмиринин күмбөзүндө Правда гезитинин кабарчысы Владимир Пластун. Архив - Sputnik Кыргызстан
Согуш токтойт деген үмүт акталбай калды... Афган согушунун эстен кеткис ирмемдери
Маалыматка караганда, Афганистандын дал тынчыбаган жерлериндеги базалар жабылганы айтылат.

АКШ менен "Талибан" кыймылы тарыхый тынчтык макулдашуусуна 2020-жылдын февралында кол койгон. Анын бир шартында америкалыктар документке кол койгондон тарта 14 ай ичинде Афганистандан аскерлерин алып чыгып кетиши керек эле.

Буга чейин президент Дональд Трамп АКШ Афганистандагы аскерлеринин санын бир топ кыскартарын айткан. Расмий адамдардын билдирүүсүнө караганда, январдын ортолорунда алар 5000ден 2500гө чейин азаймак.

Жаңылыктар түрмөгү
0