Жалындан суурулуп чыкты! Ажалы жок спортчунун видеосу

Жазылуу
Катуу ылдамдык менен жарышка түшкөн атайын автоунаа жолдун четиндеги тосмого урунуп, андан соң дароо өрттөнө баштаган. Анын ичиндеги айдоочу кандайдыр бир керемет менен аман калган.

Окуя Бахрейнде "Формула-1" жарышынын этабы өтүп жаткан учурда болгон. Рулда Ромен Грожан аттуу адам кетип бара жатканы айтылды. Кадрдан анын автоунааны башкара албай калып биринчи автокөлүктү жөөлөп өткөнүн, катуу күү менен тосмого келип урунуп, жалбырттап өрттөнө баштагандыгын көрүүгө болот.

​Окуя болору менен коопсуздук кызматкерлери жана медиктер жетип келип, өрттү өчүрө баштаган. Ал эми спортчу алоолонгон жалындын ичинен көз ирмемде суурулуп чыгып, жерде тургандар аны жөлөп-таяп ары алып кетишкен. Маалыматта Грожандын колу жана таманы анча көп эмес күйүк алганы айтылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0