Месси "Осасунага" киргизген голун Марадонага арнады. Видео

Жазылуу
Месси бир мезгилдерде Марадона кийип ойногон "Ньюэллс Олд Бойз" клубунун 10-номердеги футболкасын кийип алганын көрсөттү.

"Барселона" клубунун чабуулчусу Лионель Месси "Осасунанын" дарбазасына киргизген голун Диего Марадонага арнады. Бул тууралуу Р-Спорт жазып чыкты.

Аргентиналык футболчу Диего Марадона. Архив - Sputnik Кыргызстан
Футбол, бокс, кокаин. КР калысына рахмат айткан Марадона тууралуу фактылар
Месси беттештин 73-мүнөтүндө гол киргизип, урмат көрсөткөн. Каталондуктардын капитаны бир мезгилдерде Марадона кийип ойногон "Ньюэллс Олд Бойз" клубунун 10-номердеги футболкасын кийип алганын көрсөттү.

"Барселона" менен "Осасунанын" беттеши 4:0 эсеби менен талаа ээлеринин пайдасына аяктады. Месси төртүнчү голду киргизген.

1986-жылдагы дүйнө чемпиону Диего Марадона өткөн шаршембиде 60 жаш курагында көз жумган. Футболчу 1993-жылы аргентиналык "Ньюэллс Олд Бойз" клубунун намысын коргогон. Месси да өз кезегинде аталган клубдун академиясында тарбияланып, 2000-жылы "Барселонага" өткөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0