Эстеп көрөлү. Макгрегор менен Порьенин алгачкы беттешинин видеосу жарыяланды

Жазылуу
UFC уюмунун экс-чемпиону Конор Макгрегор менен америкалык Дастин Порьенин алгачкы беттешинин видеосу жарыяланды. Ал ирмемдерди уюмдун Facebook баракчасынан көрүүгө болот.

Белгилей кетсек, ирландиялык мушкер америкалык спортчу менен 2014-жылы беттешип, биринчи эле раундда техникалык нокаут менен утуп алган.

Дастин Порье менен Конор Макгрегордун кайрадан октагонго чыгары күтүлүүдө. Алдын ала маалымат боюнча, реванш Абу-Дабидеги "Мушкерлер аралы" спорттук жайында кийинки жылдын 23-январында болот.

Эки мушкер тең буга чейин россиялык спортчу Хабиб Нурмагомедов менен беттешип, жеңилүү ызасын тарткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0