Ачка жана ачуулуу курттардын жем талашкан видеосу

Жазылуу
Окумуштуулар көпөлөк курттардын башка жаныбарлар сындуу ачууланып жана бири-бирин жактырбай, жемин кызганган учурун видеого тартып алган.

Жаратылыштын бир бөлүгү болгон көпөлөктөр тукумунун мындай кызыктуу учуру туурасында National Geographic Россия жазды.

Чопулдатып дары ичип... Медиктердин тараканга операция жасап жаткан видеосу - Sputnik Кыргызстан
Чопулдатып дары ичип... Медиктердин тараканга операция жасап жаткан видеосу
Флоридадагы Атлантика университетинин нейробиологу Алекс Кин илимде D. Plexippus деп аталган көпөлөк курттарын изилдеп келет.

Адистер тобу аталган жандыктардын жем талашкан учурунун кызыктуу ирмемдерин сырткы дүйнөгө көрсөттү.

Анда курттардын бири-бирин башы менен түртүп, жөөлөп, жем катары ташталган жалбыракка өзү гана ээлик кылуу аракетин көрүүгө болот. Мындай "салгылашка" төрт курт катышкан.

Окумуштуунун буга илимий көз караштан кызыгып калышына анын бакчасындагы жылдыз курттардын урушу себеп болгон. Муну ага аялы көрсөткөн.

"Мен монарх-курттардын салгылашын өз көзүм менен көргөндөн соң изилдөөгө тыкыр кириштим", — деген Алекс Кин.

Анын айтымында, бул жандыктар азык үчүн катуу салгылашка түшөт. Булардын башка жакка сойлоп баруусу көп түйшүк жараткандыктан, колундагы тамагын башкаларга бербей катуу талашат.

"Андан сырткары, булар көпөлөк болуп учуп кетиш үчүн абдан жакшы тамактанышы керек. Жумурткадан тарта куурчакча болгонго чейин салмагын 3000 эсе чоңойтушу зарыл. Эң кызыгы, муну эки аптада жасашы керек. Бул киши аталган убакыт ичинде эки киттей салмакка жетиши керек дегендей эле кеп", — деп кошумчалган Атлантадагы Эмори университетинин биологу Яап де Руд.

Окумуштуу видеодогу курттардын ичинен кээ бирлери агрессивдүүлүгү менен айырмалангандыгын айтты. Биолог алардын көпөлөккө айланганында да ушундай агрессиялуу мүнөздө болоруна кызыкканын да билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0