Россиянын жардамы менен. Карабах тынч жашоого кантип кайтууда. Видео

Жазылуу
Таанылбаган Тоолуу Карабах республикасы акырындан тынч жашоого кайтып келе жатат. Коомдук транспорттун иши жанданып, дүкөндөр ачылды.

Аймакта азык-түлүк жетиштүү. Жол кыймылы жанданып, турак үйлөрдү электр кубаты жана суу менен камсыздоо иштери калыбына келүүдө. Жергиликтүү адистерге жардам көрсөтүү үчүн РФ ӨКМинин кызматкерлери келди. Алар кагылышуу учурунда жабыр тарткан объектилерди жана инфраструктураны калыбына келтирүүгө жардам бермекчи. Тургундарга россиялык тынчтык орнотуучулар да колдоо көрсөтүп жатышат. Жолдорду минадан тазалап, аймакка көз салып, үйлөрүнө кайтып жаткан качкындардын колоннасын коштоп келүүдө.

Россия Тоолуу Карабахтын жашоочуларына кантип жардам берип жатканын биздин видеодон көрүүгө болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0