Өтө акылдуу жана күчтүү! Бразилиялык спортчу Валентина Шевченко тууралуу

Жазылуу
Абсолюттук мушкерлер чемпионаты (UFC) Валентина Шевченко менен Женнифер Майянын беттешине карата жаңы проморолик жарыялады.

Лас-Вегаста 21-ноябрь күнү өтө турган UFC 255 турниринде кыргызстандык мушкер төртүнчү ирет эң жеңил салмактагы чемпиондук курун коргойт. Бул ирет ага каршы бразилиялык Женнифер Майя чыгат.

"Мен өмүр бою мушкерлик менен алектенип келем. Машыгууларды беш жашыман тарта баштагам. Демек 27 жылдан бери күн сайын ушул нерсе уланып келет", — деди Шевченко.

Спортчунун айтымында, кезектеги беттеште эң башкысы  — жеңиш.

"Мен даярмын. Октагондо мен жана каршылашым гана болот", — деди Валентина.

Ал эми бразилиялык мушкер Шевченкого баа берип жатып, анын өтө акылдуу жана күчтүү экенин белгилеген.

"Валентина абдан акылдуу жана күчтүү спортчу. Ал беттеш алдында каршылаштарын коркутууга аракет жасайт. Бирок мен аны өзүн ыңгайсыз сезгидей кылганы жатам. Мен чемпион болууга даярмын", — деди атаандашы.

Ушул эле турнирде октагонго Валентина Шевченконун бир тууганы Антонина дагы чыгат. Ал Ариана Липски менен кармашмакчы.

Жаңылыктар түрмөгү
0