Кыйкырып, секирип. Топтошкон эркек кишилердин баланы сактап калган видеосу

Жазылуу
Сочидеги соода борборуна келгендер бир адамдай болуп топтоло калып, кырсыктап бараткан бөбөктү сактап калышты.

Окуя "МореМолл" деп аталган соода борборунда болгон. Баланын колун эскалатор чайнап кете жаздап, образдуу айтканда кишилер анын оозунан бөбөктү сууруп алышты.

Что может случиться, если оставить ребенка одного на эскалаторе — видео - Sputnik Кыргызстан
Эскалаторго кыпчылып калган наристе. Жүрөк түшүргөн видео
Ошол ирмемдердин видеосу интернетке тарап, көптөрдүн көңүлүн жылытты.

Анда эркек кишилер кыйкырып, бири-бирин колдоп, дем-күч берип, кадимки эскалаторду алдыга эмес, кыймылын артка жылдырып жаткандыгын көрүүгө болот. Четтеги киши муну кайдыгер карап көрө алгыдай видео эмес. Акырында темир машинанын адамдардын эркине багынып берүүгө аргасы калбады. Кишилер аман-эсен бөбөктү сактап калышты.

"Московский комсомолец" басылмасы бала анча жабыркабагандыгын жазды.

Жаңылыктар түрмөгү
0