Ошто героин сатып жүргөн кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Видео

Жазылуу
Ош шаарында баңгизат сатып жүргөн жаран чоң көлөмдөгү героин менен кармалды. Бул туурасында Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Криминалдык милициянын опер кызматкерлери атайын даярдыктагы СОБР менен биргеликте Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турган Сузак районунун 36 жаштагы тургунун колго түшүргөн.

Ал баңгизатты мыйзамсыз түрдө сатуу жана сактоо, ошондой эле бейбаштык беренелери менен шектелүүдө.

"Шектүүгө өздүк кароо жүргүзгөндө, өзгөчө жыты бар, кара жана жашыл түстөгү баштыкка оролгон зат табылган. Экспертизанын корутундусуна ылайык, ал 2 килограмм 455 грамм героин экени аныкталды", — деп айтылат маалыматта.

Учурда Жазык кодексинин 267-беренесинин 2-бөлүмү ("Баңгизаттарды, акыл-эске таасир берүүчү каражаттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо") боюнча сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат.

Кармалган жаран, мындан сырткары, Сузак районундагы кылмыштуу топтордун тирешүүсүнө жана укук коргоо органдарына дагы каршылык көрсөтүү боюнча айыпталууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0