Конституциялык реформалар даярдалып жатат! Жапаровдун элге видеокайрылуусу

Жазылуу
Садыр Жапаров коомчулукка кайрылуу жасап, президенттик ыйгарым укуктарын өткөрүп, премьер-министрлик укуктарын токтотконун айтты.
"Урматтуу мекендештерим, баарыңыздарга белгилүү болгондой, өлкөбүздө президенттик шайлоо жараяны жүрүп жатат. Мен да бүгүн президенттик шайлоого катышуу үчүн арыз бердим. Ушуга байланыштуу мен өлкө президентинин ыйгарым укуктарын мыйзам чегинде тапшырып берип, премьер-министр катары ыйгарым укуктарымды токтотуп, президенттик шайлоого катардагы жаран катары катышайын деп чечтим", — деди Жапаров.

Президенттикке талапкердин элге кайрылуусун видеодон көрүңүздөр.

 Новоизбранный спикер Жогорку Кенеша Талант Мамытов - Sputnik Кыргызстан
Эки тизгин, бир чылбыр! Президенттин ыйгарым укуктары Талант Мамытовго өттү
Белгилей кетсек, Садыр Жапаров 2021-жылдын 10-январында өтө турган президенттик шайлоого аттанды. Бүгүн, 14-ноябрда, Жапаров шайлоого катышуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына арызын берген.

Эске салсак, парламенттик шайлоодон кийинки өлкөдөгү башаламандыктан соң Садыр Жапаров премьер-министр болуп дайындалып, кийин президенттин милдетин аткаруучу да болуп калган. Конституция боюнча президенттин милдетин аткарып жаткан адам шайлоого бара албайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0