Испаниялык гольфчунун таамай соккусу элдин оозун ачырды. Видео

Жазылуу
Испаниялык Жон Рам аттуу гольфчу "Мастерс" сериясындагы турнирде болуп көрбөгөндөй сокку жасады. Спортчуга ортодогу көлмө да тоскоол боло алган эмес.

Дүйнөдөгү мыкты гольфчу аталган спортчунун оюну The Guardian басылмасынын YouTube-каналына жарыяланган.

Футболчу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Тепкен тобу улам дарбазанын кырына тийип... Айласы кеткен футболчунун видеосу
Видеодо көрүнүп тургандай, Рам гольфтун тобун көлмөнүн жанынан урган. Топ сууга төрт жолу тийип барып аркы өйүзгө өтүп, газонду айланып барып чуңкурга түшкөн.

Аталган роликти социалдык тармактардын колдонуучулары бөлүшүп, бир нече күндүн ичинде эле 30 миллионго чукул адам көргөн.

CNN телеканалы билдиргендей, спорт жаатындагы эксперттер спортчунун бул соккусуна эң мыкты деген баасын беришкен.

26 жаштагы Жон Рам дүйнөдөгү эң мыкты гольфчулардын катарын толуктайт. Ушул жылдын июль айында ал дүйнөлүк рейтингдин алдыңкы сабына илинген. Азыркы тапта экинчи орунда турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0