Көзгө жаш алып, күпүлдөп манас айткан Сыдыков. Толкунданткан иш-чаранын видеосу

Жазылуу
Манасчы Дөөлөт Сыдыков ордунан жылбай, суу ичпей 14 саат 27 мүнөт тынбай манас айтты. Аянтка чогулгандар болсо жааган карга карабай аны сүрөп, колдоп турушту. Sputnik Кыргызстан агенттиги элдин эсинде калган өзгөчө иш-чаранын видеосун тартуулайт.

Манас айтуу иш-чарасы 12-ноябрь күнү эртең мененки саат 9:00дө башталды. Ак элечек кийген аялдар, тебетей, калпакчан эркектер, айтор, салттуу кийим кийген жоон топ "Манас" деп ураан чакырып, залкар манасчыны "Ала-Тоо" аянтына коштоп келишти.

Манас айтардын алдында Дөөлөт Сыдыковго олимпиада чемпиону Каныбек Осмоналиев ак батасын берди.

"Кыргыз тарыхын бүткүл дүйнөгө жарыялап жүрө бер. Өмүр бою кыргыз элине кызмат кылып, Алла колдоп, ден соолукта бол!", — деп алкады Осмоналиев.

Ошентип Дөөлөт Сыдыков "Манас" эпосун эртең мененки саат 9:42де айтып баштады. Борбордук "Ала-Тоо" аянтында Манастын эстелигинин жанына бийиктиги беш метр айнектен жасалган боз үй (атайын жай) курулган. Манасчы Сыдыков ошол үйдүн ичинде отуруп айтты. Ал эми аянтка келген эл аны атайын коюлган монитордон көрүп жатышты.

Күүлөнгөн манасчы, күткөн эл. Гиннес китебине кирүүгө ташталган кадамдын сүрөттөрү - Sputnik Кыргызстан
Күүлөнгөн манасчы, күткөн эл. Гиннесс китебине кирүүгө ташталган кадамдын сүрөттөрү
Манасчы эпосту айтып бүткүчө тамак эмес суу дагы ичкен жок, бир ордунан жылбай, эс албай күпүлдөдү. Бир маалда көзүнөн жаш төгүлүп, ыйлап кирди. Ошентип 9:42де айтып баштаган манасчы эпосту саат 00:27де, түн бир оокумда жыйынтыктады. Баш-аягы 14 саат 27 мүнөт айтып, рекорд жасады. Уюштуруучулар аны ошондо да араң токтотушту. Жааган карга карабай "Манас" эпосун угууга келгендер манасчыны колдоп, сүрөп, "Манас" деп ураан чакырып турушту.

Эпосту тыным албай, узак убакыт айткан мындай окуя Кыргызстандын тарыхында алгачкы ирет болуп жатат.

Бул иш-чаранын максаты — элди ынтымакка, биримдикке чакыруу жана узак убакытка тынбай манас айтууну Гиннестин рекорддор китебине каттатуу.

Филологдордун айтымында, Дөөлөт Сыдыков Манастын бабаларынан тартып, кыргыздардын Алтайдан Ала-Тоого көчө турган мезгилине чейин айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0