Ийинден чыккан жаныбардай... Абактын астын казып качкандар видеого түшүп калган

Жазылуу
Бразилиянын абактарынын биринде отурган кишилер жердин астын казып эркиндикке чыгып кетишкен. Алардын качкан учуру видеобайкоого тартылып калган.

G1 Globo порталы окуя Пату-Бранку шаарында болгонун жазды.

Кадрдан камактагы адамдар абактын сыртына кантип чыгып кеткенин көрүүгө болот. Мындай жол менен 11 адам качканга үлгүргөн.

30 жыл полициядан качып жүргөн кишини эч ким издеген эмес. Кытайдагы окуя

Алар автоунаа менен из жашырып кеткен. Кийин полиция качкындардын бешөөсүн кармаган. Мындан сырткары, түрмөдөн качып чыгууга жардам берди делген шектүү колго түшкөн.

Дал ушундай окуя Бразилияда экинчи ирет кайталанып жатат. Августта дагы ушул түрмөдөн 16 соттолуучу качып кеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0