Дөңгөлөк алдында калган мышыкты эсине келтирем деген иттин видеосу

Жазылуу
Кытайда ит дөңгөлөктүн астында калган мышыкты эсине келтиргенге аракет кылып, майнап чыкпаганда жолдун четине сүйрөп барган видео колдонуучулардын бирде жүрөгүн оорутса, бирде көңүлүн жылытты.

The Daily Mail басылмасынын жазышынча, окуя өткөн жумада Кытайдын Сычуань провинциясынын Гуанъюань шаарында болгон.

Окуяга күбө болгондордун айтымында, мышыкты автоунаа иттин көзүнчө сүзгөн. Ал жерде жаткан жаныбарды жыттагылап, таманы менен түрткүлөп ойготконго аракет кылган. Андан кийин тиши жана алдыңкы буттары менен мышыкты жолдун четине алып чыккан.

Арстанды сылаган турист өкүнүп кала жаздады. Видео

Жаныбардын мындай аракети Douyin социалдык тармагына жарыяланып, колдонуучулардын бирде жүрөгү ооруп, бирде көңүлү жылып жатат. Роликти көргөндөрдүн саны артууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0