Олжосун оозунан чыгарып ийген олдоксон жырткычтын күлкүлүү видеосу

Жазылуу
Түштүк Африканын Лимпопо аймагындагы Mabula Game Reserve коругуна барган туристтер жапайы жаратылыштагы кызыктуу окуяга күбө болушту. Анда түтүк тишке аңчылык кылган күрөң гиена оңтойсуз абалда калганы күлкүгө салды.

Түтүк тиш — Африкада жашоочу, кумурскалар менен тамактануучу, доңуз тумшуктуу, эшек кулактуу, желиндүү айбанаттардын бир түркүмү.

Бири-бирин челип "мушташа кеткен" бизондор жол кыймылын бууп койду. Видео

Күрөң гиена аңдып барып олжосун кылтакка илейин дегенде анысы ордунан житип кеткен. Андан соң артынан кууп барып, басып калгандай болгон, бирок чаң тарагандан кийин жырткыч өзү жалгыз эле турганы көрүндү. Көрсө түтүк тиш "аңчынын" тишине илешпей, ийинине кирип кетүүгө үлгүргөн экен.

Жаңылыктар түрмөгү
0