Эстеп калгыла! Ак үйдү курчаган тосмолорду алып жаткан учурдун асмандан көрүнүшү

Жазылуу
20 жылдан бери Жогорку Кеңештин (Ак үй) имаратын курчап турган темир тосмолор алына баштады. Sputnik агенттиги бул тарыхый учурду асмандан тартып алды.

Өлкөнүн башкы административдик имаратынын айланасындагы тосмо биринчи президент Аскар Акаевдин тушунда орнотулган.

Жогорку Кеңештин спикери Талант Мамытов тосмо алынса бийлик менен элдин ортосунда ажырым болбой турганын буга чейин айткан.

"Коргонгон сайын эл туура эмес түшүнөт экен. Бизди бул тосмо сактап кала алган жок, сактай албайт дагы. Алар болбосо бизде да эл менен ажырым болбойт деп ойлойм. Элге жакын болуп иштесек эч качан толкундоолор, кыйратуулар болбойт", — деген төрага.

Ак үйдүн тосмолорунун бир бөлүгү алынбайт. ЖКнын төрагасы себебин айтты

Анын айтымында, Садыр Жапаров дагы ал тосмолорду алып салуу керектигин билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0