Өркүндөтүлгөн Калашников автоматы коомчулукка көрсөтүлдү. Видео.

Жазылуу
АК-12 автоматы реалдуулукка жакын шарттардагы пайдалануудан өткөн. Анын жыйынтыгы менен бул курал өркүндөтүлгөн.

"Калашников" концерни жаңы иштелип чыккан куралын "Армия-2020" эл аралык аскердик-техникалык форумда коомчулукка алып чыкты. Эми расмий видеосу жарыяланды.

"Коргоо министрлигинин аскер бөлүктөрүндө колдонулгандан кийин АК-12 автоматына куралдын эргономикасын жакшырткан жана аны колдонуу шарттарын жогорулатуучу конструктивдүү өзгөртүүлөр киргизилген", — деп айтылат маалыматта.

Жаңыланган АК-12 автоматынын салмагы 3,5 килограмм, 30 ок сыйган магазини бар. Жалпы узундугу 880-940 миллиметрди түзөт. Куралга 5,45х39 миллиметр өлчөмүндөгү октор колдонулат.

Жаңылыктар түрмөгү
0