500 миң сом пара алган. УКМК шектүүнү кармоо учурунун видеосун жарыялады

Жазылуу
Буга чейин ишенимдүү маалымат булагы УКМК пара алуу фактысы менен Расул Умбеталиевди кармаганын кабарлаган. Умбеталиев отун-энергетика комплекси боюнча эксперт. Бир катар көмүр казуучу ишканаларда эмгектенген.

Атайын кызмат "Кыргыз жылуулук энерго" мамлекеттик ишканасынын филиалдарынын биринин көмүр сатып алуу боюнча тендердик комиссиясынын мүчөсү У.Р. 500 миң сом пара талап кылган деп шектелип кармалганын билдирген. Инициалдардан тышкары, кармалган кишинин сүрөтү дагы Умбеталиевге окшош болчу.

Эксперттин кармалганы тууралуу маалыматты УКМК тастыктай элек. Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети да үн каткан жок.

Сотко чейинки өндүрүштүн материалдары Кылмыш-жаза кодексинин 203-беренеси ("Пара талап кылуу") боюнча каттоого алынган. Учурда шектүү УКМКнын тергөө абагына киргизилип, тергөө иштери уланууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0