Бишкекте чет элдик жаранды коркуткан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Видео

Жазылуу
Бишкекте чет элдик жаранды коркутуу жолу менен акчасын алып кеткендер кармалды. Бул тууралуу Ички иштер башкы башкармалыгынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, 28-октябрь күнү Түркиянын А.И. аттуу жараны милицияга арыз жазып кайрылган. Ал 27-октябрда белгисиз адамдар саат 15:00дө анын кеңсесине келип өздөрүн Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү катары тааныштырганын билдирген. Ошондой эле абакта жаткан кримтөбөлгө жардам берүү максатында 20 миң сом сурашканын кабарлаган. Кылмышкерлер эгер акча бербесе сабап, мүлкүн талкалай тургандыктарын айтышкан.

Факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 203-беренеси (акча талап кылуу) боюнча каттоого алынган.

“Ыкчам тергөө амалдарынын жүрүшүндө Бишкектен уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү акча алып жаткан жеринен кармалды. Алардын унаасынан белгисиз моделдеги ок атуучу курал табылган. 37 жаштагы И.Э. менен “Доня” каймана атын алып жүргөн К.Д. Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турат. Эки шектүү тең убактылуу кармоочу жайга киргизилди”, - дешти милициядан.

Учурда шектүүлөрдүн башка дагы кылмыштарга тийиштиги бар-жогу такталып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0