ӨКМдин комиссиясы Бишкек — Ош жолун текшерип Төө-Ашууга барды. Видео

Жазылуу
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атайын комиссиясы Бишкек — Ош унаа жолундагы ашууларды тейлеген Жарандык коргонуу кызматтарынын кышка даярдыгын текшерип чыкты.

Анын алкагында Чүй облусунун “Сосновка” постунан Токтогул районунун “Арал” постуна чейин ашууларды тейлеген атайын техникалардын даярдыгы жана жолго чачуучу инерттик материалдардын запасы каралган.

"Жол тазалоочу техникалардын жетишсиздиги, жолго кум чачуучу атайын техниканын жоктугу негизги көйгөй болуп саналат. Учурда кумду кол менен чачышууда. Ал эми оор жүк ташуучу унаалардын техникалык талаптарга жооп бербегендиги жана жеңил унаалардын кышка даярдык көрбөгөнү унаа тыгынынын жаралышына себеп болууда", — деп айтылат маалыматта.

Көмүр кымбаттап жатабы? Кара алтындын баасына саресеп

Мындан тышкары, комиссия кыш мезгилинде кандайдыр бир кырдаалга байланыштуу жол жабылып калса, ӨКМ тарабынан коюлган тамак-аш берүүчү жана жылытуу пунктуларын текшерген.

Иш-чаранын жыйынтыгында тиешелүү министрлик, ведомстволорго кемчиликтерди жоюу боюнча сунуштар берилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0