Казакстанда ракетадан коргонуу боюнча Россиянын жаңы системасы сыналды. Видео

Жазылуу
Россиянын Коргоо министрлиги Казакстандын Сары-Шаган полигонунда ракетадан коргонуу боюнча жаңы системасын сыноодон ийгиликтүү өткөрдү.

Жеринен тартылган видео ведомствонун YouTube каналына жарыяланды. Кадрларда алгач системаны алып келе жаткан аскер автоунаалары, кийин аны орнотуу учурлары көрсөтүлөт. Андан соң рекетанын атылып, көз ачып-жумгуча асманга көтөрүлүшү бир нече ракурстан тартылган.

Күн бүркөк болуп тургандыктан ракета коюу булутту аралап кеткен соң көрүнбөй калат.

Россияга "кыямат күндүн учагын" кайра жасоонун эмне зарылдыгы бар?

Маалыматка караганда, ракета ийгиликтүү учуп барып, тапшырманы толугу менен аткара алган.

Буга чейин Россиянын Коргоо министрлиги өз рекеталарын Сары-Шаган полигонунда 2017, 2018 жана 2019-жылдары сынаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0