Ту-154түн Россияда элди акыркы ирет ташыган видеосу. КРдеги №1 борт да ушундай

Жазылуу
Россиядагы жарандык авиацияда жалгыз, бирден-бир пайданылып келе жаткан Ту-154 аба кемеси акыркы ирет жүргүнчүлөрдү ташып, андан соң сапарын карытты.

Бул туурасында РИА Новости жазды. 

Эске салсак, Кыргызстандын жетекчилиги да Ту-154М (№1 борт) менен учат. Ал 1993-жылы чыгарылган. 2018-жылдын башында РФ коргоо министри Сергей Шойгу Ту-154М учактарын авиакырсыктын алдын алуу максатында колдонуудан алуу туурасында айткан.

Жергиликтүү медиакомпаниялардын бири YouTube каналына Ту-154М туурасындагы видеоматериалды жайгаштырган.

"Алроса" компаниясынын борту Якутскинин Мирный шаарынан 140 жүргүнчүнү Новосибирскиге алып келген.

2002-жылы лайнер Мирныйдагы авиаишканага таандык болсо, 2013-жылы аны "Алроса" компаниясы алган.

"18 жыл ичинде Ту-154М аба кемеси 27,5 миң саат учкан. "Алроса" алган кийинки жылдары эле лайнер 737 каттам жасаган. Ага 160 миңден ашуун жүргүнчү түшкөн", — деп айтышты аталган компаниядан.

Бул жылдардын ичинде учак 1 224 тонна жүк, 52 тонна почта аманаттарын ташыган.

Компаниянын башкы директору Андрей Гуловдун айтымында, лайнерди колдонуу мөөнөтү аяктап бара жатат. Эксплуатациядан чыккандан кийин учак Новосибирскидеги Толмачев аэропортунда калат, андан кийинки тагдыры азырынча белгисиз.

Россиянын МиГ-31 истребителинин стратосферадагы керемет учуусу. Видео

Ту-154 аба кемеси Туполевдун конструктордук бюросунда иштелип чыккан. Биринчи ирет абага мындан 52 жыл мурда көтөрүлсө, 1972-жылы 9-февралда элди ташып баштаган. Бул советтик эң көп чыгарылган, жүргүнчүлөрдү ташый турган реактивдүү орто магистралдуу учак.

Жаңылыктар түрмөгү
0