Салмагы ашып кеткен Хабиб таразага чечинип түштү. Видео

Жазылуу
Спортчулар 24-октябрда UFC 254 мелдешинде жекеме-жеке чыгышат. Марада Нурмагомедов ээлик кылган промоушендин жеңил салмактагы чемпиондук куру турат.

UFC мелдешинде чемпиондук наамды коргоочу беттеши алдында таразага түшкөн россиялык мушкер Хабиб Нурмагомедовдун салмагы ашып калды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Таразадан так салмакты көрсөтүү үчүн россиялык мушкер толук чечинүүгө аргасыз болгон. Экинчи ирет түшкөндө Хабибди UFC кызматкерлери атайын материал менен калкалап турушту. Ал эми Гэтжи чолок шымчан эле түшүп, салмагы өз ченинде экени айтылды.

Хабиб менен Гэтжинин беттешин качан жана кайсы жактардан көрүүгө болот

Спортчулар 24-октябрда "Мушкерлер аралы" жайында өтүүчү UFC 254 мелдешинде жекеме-жеке чыгышат. Марада учурда Нурмагомедов ээлик кылган промоушендин жеңил салмактагы чемпиондук кур турат.

Учурда россиялык мушкер 28 беттеш өткөрүп, баарын жеңген. Ал эми анын атаандашы 22 таймашта утуп, эки жолу жеңилүү ызасын тарткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0