Саид Нурмагомедов атаандашын 51 секундда жеңди. "Мушкерлер аралынан" видео

Жазылуу
18-октябрга караган түнү Бириккен Араб Эмирлигинин Абу-Даби шаарындагы "Мушкерлер аралында" UFC Fight Night 180 мелдеши жыйынтыкталды.

Жеңил салмакта октагонго чыккан Саид Нурмагомедов филиппиндик Марк Штриглди 51 секундада техникалык нокаутка түшүрүп жеңип алды.

Ооруга карабай... Нурмагомедов менен Гэтжинин кармашына эл келиши мүмкүн

Брайан Ортега менен Чон Чхан Сондун (Кореялык Зомби) таймашы бул кеченин башкы беттеши болду. Анда америкалык мушкер утту. Эми ал чемпиондук титул үчүн беттешке чыгууга талапкер болуп, Александр Волкановски менен кездешет. Волкановски чемпиондук наамын коргойт.

Башка-бетке урулган кубаттуу соккулар менен коштолгон мелдештин урунттуу жерлерин видеодон көрүңүз.

Жаңылыктар түрмөгү
0