Жогорку Кеңеш президент Жээнбековдун отставкасын кабыл алды. Видео

Жазылуу
Президент Сооронбай Жээнбеков 15-октябрь күнү кызматтан кете турганын жар салган. Буга өлкө башчы өлкөдөгү коомдук-саясий абал себеп экенин айтты.

Жогорку Кеңеш президент Сооронбай Жээнбековдун отставкасын кароо үчүн кезексиз жыйынга чогулду.

Эскерте кетсек, Жээнбеков кызматтан кете турганын 15-октябрь күнү премьер-министр Садыр Жапаров менен жолуккандан кийин билдирген.

Кремль Жээнбековдун кызматтан кетиши боюнча үн катты

Мыйзам боюнча, президенттик ыйгарым укуктар Жогорку Кеңештин төрагасына өтөт. Эгер андай мүмкүнчүлүк жок болсо, милдет премьер-министрге жүктөлөт.

Кечээ кечинде жаңы шайланган спикер Канат Исаев президенттин милдетин аткаруудан баш тартканы белгилүү болду. Ал эми Жогорку Кеңештин таркатылышын талап кылып чогулган митингчилердин алдына чыккан Садыр Жапаров өкмөт башчылык да, президенттик ыйгарым укуктар да өзүнө өткөнүн билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0