Депутаттар өкмөттүн курамын бекитүү үчүн чогулду. Видео

Жазылуу
Жогорку Кеңештин депутаттары Садыр Жапаров башында турган өкмөттүн курамын кароо үчүн кайрадан чогулду.

Бүгүн "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясына эл өкүлдөрү кезексиз жыйын өткөрүүгө келишти. Мындай кадамга Садыр Жапаровду премьер-министрликке дайындоо легитимсиз болгону себеп.

Баары мыйзам менен чечилет. Жээнбеков элге кайрылуу жасады

Буга чейинки жыйында кворум болбогону айтылып, бир топ талаш-тартыш жаралган. Бирок ага карабай вице-спикер Мирлан Бакиров жаңы өкмөттү бекитүү жөнүндөгү токтомго кол коюп, президентке жиберген.

Деген мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков токтомду артка кайтарып, кворум чогултуп мыйзамдуу түрдө дайындоо керектигин айтты.

Натыйжада депутаттар өкмөттү кайрадан карап жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0