Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынынын урунттуу учурлары. Видео

Жазылуу
13-октябрь күнү "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Жогорку Кеңештин депутаттарынын кезексиз жыйыны өттү.

Күн тартибинде Бишкектеги өзгөчө абал режимин бекитүү жана Жогорку Кеңешке төрага шайлоо маселеси каралды. Ага кворум жаратып, 61ден ашык депутат катышып берди.

Жаңы төрага болуп "Кыргызстан" фракциясынын депутаты Канат Исаев шайланды.

Жыйын учурунда парламенттик шайлоону тез арада өткөрүү маселеси дагы каралды. Депутаттар тарабынан добуш берүүнү 6-ноябрга чейин жеңилдетилген шартта өткөрүү сунушу киргизилди.

ЖК төрагасы болуп шайланган Канат Исаев тууралуу кызыктуу фактылар

Мисалы, 7 пайыздык ченди 5 пайызга, 5 млн. сомдук күрөөнү 1 млн. сомго түшүрүү жана форма №2 менен шайлоого бөгөт коюу боюнча сөз болду.

Жыйындын соңунда депутаттар трибунага чыгып, кесиптештерине кайрылуу жасашты.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0