Талкалап, буюмдарды көтөрө чыгып... Ак үйдүн ичинен тартылган кадрлар

Жазылуу
Sputnik Кыргызстандын кабарчысы түндө митингчилер Ак үйдү басып алгандан кийин ичинде болгон окуяны тартып келди.

Нааразылык акциясына чыккандардын кээ бири мародерлукка жол бербөөгө чакырып жатты. Алар ичинен буюм-тайымдарды алып чыгууга аракет кылгандарды токтотуп, Ак үйдү калыбында сактап калууга үндөдү.

Бишкектеги митинг

5-октябрь күнү парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон сегиз партия "Ала-Тоо" аянтына митингге чыккан. Кечке жуук чогулгандардын саны көбөйүп, таңга маал митингчилер Ак үйдү алышты. Көп өтпөй акция катышуучулары УКМКнын имаратын басып кирип, бир нече саат ичинде абакта жаткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, мурдагы өкмөт башчылар Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, саясатчылар Садыр Жапаров, Равшан Жээнбеков, эртеси түштө Фарид Ниязов жана Бишкектин экс-мэри Албек Ибрагимов чыгарылган.

Эртең менен президент Жээнбеков митинг уюштурган күчтөрдү маселени тынчтык жолу менен чечүүгө чакырган.

Ушу тапта Жогорку Кеңештин төрагасы жана премьер-министр алмашты.

Жаңылыктар түрмөгү
0