Митингчилер коргонуш үчүн таштанды челектерди өрттөшкөн. Аянтта тартылган видео

Жазылуу
Видеодо көрүнүп тургандай, митингге чыккандар коргонуш үчүн аянттын ар кайсы жерине күйүп жаткан таштанды челектерди коюп алышкан.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы аянтты айланып окуя болгон жердеги кырдаалды айтып берди.

"Ала-Тоо" аянтында абал азыркыга чейин тынчый элек. Шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп митингге чыккандарды алгач милиция борбордук аянттан сүрүп чыгып, туш тарапка тараткан. Митингчилер көп өтпөй кайра күч органдарын аянтка чейин кубалап барганын айтышты. Акция катышуучулары али тарай элек, милиция да аянттын айланасында аларды кубалап таратууга аракет кылып жатат.

Эске салсак, бүгүн түшкө чейин "Ала-Тоо" аянтында акырындан эл топтолуп, түштөн кийин шайлоодон утулуп калган сегиз партиянын башын бириктирген ири митингге айланган. Алар 4-октябрь күнү өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын айтып, адилеттүүлүктү талап кылды.

Милиция митингчилерди кайрадан кубалоого аракет жасап жатат. Видео

Саламаттык сактоо министрлигинин берген акыркы маалыматы боюнча, митингден жабыркап ооруканага 70 адам түшкөн.

Мындан сырткары, эки милицияга да таш тийип, баш мээси чайкалганы маалым болду. Буга чейин "Ата Мекен" партиясынын лидери Жанар Акаевдин бутунан жаракат алып, аксап келе жаткан видеосу тараган

Жаңылыктар түрмөгү
0