Бишкектеги митингчилерди кууп таратуу башталды. Түз алып берүү

Жазылуу
"Ала-Тоо" аянтындагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп чогулган миңдеген элди милиция менен кууп таратуу башталды.

Бүгүн, 5-октябрда, саат 11лер чамасында Бишкек шаарындагы "Ала-Тоо" аянтында парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялардын лидерлери жана өкүлдөрү, жарандар чыккан.

Эл 7-8 сааттан бери борбордук аянттан кетпей турат.

Эске салсак, Кыргызстанда 4-октябрда Жогорку Кеңешке шайлоо өтүп, ага 16 партия катышкан. Алдын ала маалыматтар боюнча, "Биримдик", "Мекеним Кыргызстан", "Кыргызстан" жана "Бүтүн Кыргызстан" партиялары жети пайыздык босогодон өткөн. Кийин бул тизме жаңыланып, "Бүтүн Кыргызстан" четтеп, "Мекенчил" менен "Республика" кошулган.

Бүгүнкү митинг боюнча дагы башка онлайн-репортажды бул жерден окусаңыз болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0