16:11 26 Жетинин айы 2020
Түз эфир
  • USD84.7990
  • EUR101.0465
  • RUB1.1239
Видео

Добуш бере албай топтошкон нарындыктардын видеосу. Узун кезектин себеби

Кыскача шилтеме алуу
Шайлоо-2020 (253)
653 0 0

№ 4068 шайлоо участогунун төрайымы Нургүл Абдылдаева кезек күтүү №2 форма боюнча эмес, техникалык себептерден улам жаралганын айтты.

Нарын шаарындагы Эсенгул Ибраев атындагы мектепте ачылган № 4068 шайлоо участкасында бюллетень салган аппарат убактылуу иштебей калып, шайлоочулардын узун кезеги жаралды. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

Анын айтымында, техникалык мүчүлүштүктөрдөн улам шайлоочулар эки сааттай кезек күтүп калышкан.

№ 4068 шайлоо участогунун төрайымы Нургүл Абдылдаева кезек күтүү №2 форма боюнча эмес, техникалык себептерден улам жаралганын айтты.

"Бюллетенди аппарат тартып кетпей, бузулуп, анын кесепетинен кезек күткөндөр көбөйүп кеткен. Азыр аппарат иштеп жатат, кезекке турган шайлоочулардын саны азайып калды. Учурда башаламандык жаралып кетпеш үчүн укук коргоо органдары тартипти көзөмөлдөп, адамдар кезек менен киргизилүүдө", — деди Абдылдаева.

Аймактык кабарчы аталган шайлоо участкасына шайлоочулар ар кайсы район, айылдардан келгендиктен, автоунаа да батпай кеткенин айтып, абал көзөмөлгө алынганын кошумчалады.

Тема:
Шайлоо-2020 (253)

Тема боюнча

Шайлдабекова эки шайлоо участкасы жабылганын айтты. Себеби
Саат 16.00гө чейин канча адам добуш бергени айтылды. Статистика
Белгилер:
кезек, добуш берүү, шайлоо, бюллетень, Нарын

Дагы видео

ЭҢ МААНИЛҮҮ