Бюллетендеги сыя өчүп калабы? БШК менен чогуу жасалган эксперименттин видеосу

Жазылуу
Соцтармакта шайлоочуларга сыясы өчүп калган калем саптарды берип коёт деп ишендирген видео тараган. Бирок БШК мындай маалыматты четке кагууда. Ошентсе да биз сыяны текшерүү үчүн шайлоо участогуна барып көрдүк.

Шайлоо участокторунда эл добушту атайын капиллярдык калем саптардын жардамы менен берет, башкача айтканда, жөнөкөй калем колдонулбайт. Бул коомчулукту күмөн ойго түрттү.

Борбордук шайлоо комиссиясы кадимки калем сап колдонгон учурда автоматтык түрдө эсептеген сканерде анын изи калып каларын айтты. Буга байланыштуу сканердин эсептөө бөлүгүн булгап албаш үчүн атайын калем колдонулат.

Шайлоо алдында депутаттыкка талапкерлер тизмесинен чийилип калгандар

Алардын сыясы бюллетенде чындап эле өчүп калбай турганын өз көзүбүз менен көрүү үчүн БШК кызматкерлерин далилдеп берүүсүн өтүндүк. Адистер чакан эксперимент жасашты. Сыя оттун таасиринен да өчкөн жок. Жыйынтыгында сыя кагазда каларына ынандык.

Эске салсак, парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0