Тоолуу Карабах: дүйнө бул чатакка кандай карап, ким отко май чачып жатат. Видео

Жазылуу
Учурда Тоолуу Карабахта октун үнү жаңырып жаткан кезде дүйнө коомчулугу Азербайжан менен Арменияны кепке келүүгө чакырып жатат. Көз карандысыздыгы таанылбаган өлкөдөгү абалга Бириккен Улуттар Уюму, Европа биримдиги, албетте, анан Россия байкоо салып турат.

Россия президентинин маалымат катчысы Москва "андан аркы кадамдарды аныктап алуу үчүн" окуяга баа берип карап жаткандыгын айтты.

Армения менен Азербайжандын башчылары телеэфирде катуу билдирүү жасашты

Ал арада Түркия Азербайжандын кадамдарын колдой тургандыгын ачык жар салды. Дмитрий Песковдун пикиринде, бул отко май чачкандык. Эл аралык коомчулуктун бул окуя боюнча реакциясын бир видеого топтодук.

Жаңылыктар түрмөгү
0