Кашык, капот, бадыраң... Буюмдарды денесине жабыштырган кишинин видеосу

Жазылуу
Ирандык Абольфазл Сабер Мохтаринин бардык нерсени денесине жабыштырып алуу өзгөчө жөндөмү бар. Ал муну акыл-эсин башкаруу менен жасай аларын айтат.

Тегерандын 51 жаштагы тургуну бала чагында эле мындай жөндөмү бар экенин билип, бирок көп жылдар бою колдонбой келген. Кайрадан баштоосуна кызынын индиялык жигит кашыктарды денесине чаптап алган видеоклипти көрсөткөнү себеп болгон.

Ташчайнар тиши менен тартчу эле... Тарбалаңдап МАЗ сүйрөгөн жигиттин видеосу

Абольфазл журналисттерге автоунаанын капотун, жумшак оюнчук, бадыраң, кашык жана башка түрдүү нерселерди денесине жабыштырып алганын көрсөтүп берген. Видео Ruptly YouTube каналына жарыяланды.

Өнөр ээси эч кандай жабыштыргыч зат колдонбой турганын белгилейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0