Кыргыздарга той керекпи? Эң эле талаштуу пикирлердин таймашы

Жазылуу
Ушул тапта Кыргызстанда ондогон жана жүздөгөн кишилерди чогулткан той-аштарга тыюу салынган. Бирок пандемиядан коркпогондор, жаап-жашырып болсо дагы тойлорду өткөрүүдө.

Эмне себептен той кыргыздар үчүн өтө маанилүү?

Sputnik Кыргызстан ар кайсы аймактын тургундарынын пикирин угуп көрүүнү чечти. Сурамжыланган (20дан ашык киши) адамдардын "макул" жана "каршы" пикирлерин "Кыргыз тою" деп аталган анимациялык чакан долбоорго батырдык.

Ар кандай пикирлер айтылды. Мисалы, айрымдар той кыргыздарды бириктирип, көпчүлүк көйгөйлөрдү чечүүгө жардам берет деп эсептейт. Башкалар дал ушул тойлордун айынан көптөгөн аткаминерлер коррупцияга белчесинен батып жатат деген пикирде. Анткени салтанат болгон жерге башкалардан жакшы кийинип, жакшы машина айдап, көбүрөөк акча алып барышы керек да.

Өкмөт: той, массалык иш-чараларды өткөргөндөргө көзөмөл күчөтүлөт

Пикирлерди эки топко бөлүп, аларды айтып бериш үчүн Максат жана Канышай аттуу каармандарды ойлоп таптык. Максат чыгымдуу тойлорго каршы, ал эми Канышай, тетиринче, элге тойдун кандай баалуулуктары бар экенин айтып берет.

Каармандардын талаш-тартышы менен каада-салтты карманган эч бир адамдын ой-пикир, сезимдерин басмырлагыбыз келбейт. Жөн гана мекендештердин пикирлери ар кандай экенин көрсөтүүнү максат кылдык.

Жаңылыктар түрмөгү
0